Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Ош шаарынын жалпы имамдарына ысырапкерчилик менен күрөшүүгө чакырды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев мындан эки күн мурда Ош шаарына жасаган илимий сапарынын алкагында калаанын имамдары менен жолугушту.

Жыйында ырысапкорчулукка каршы күрөшүү, үй-бүлө баалуулуктары, балдарды коргоо жылына карата балага туура таалим-тарбия берүү, элди ынтымакка жана биримдикке үндөө боюнча имамдарды элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.   

“Быйыл Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата түзүлгөн казыяттын иш планынын негизинде элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирге ысырапкорчулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүп жаткан иштериңиздерди дагы да күчөтүңүздөр”, – деди Азирети Муфтий.

Мындан тышкары коомчулукта талаш-тартыш маселелер болгондо КМДБнын фатва бөлүмүнө кайрылууга, имамдардын иши жоопкерчилиги көп экенин баса белгиледи.