Тоңдо балдарды коргоо жылынын алкагындагы өспүрүмдөрдү таалим-тарбияга чакырууда түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Шор-Булак, Туура-Суу 2, Ак-Өлөң айылдарында  быйылкы жылдык иш-пландын негизинде учурда жаш өспүрүмдөргө таалим-тарбия сабактары өтүлүүдө. Бул тууралуу райондун баш имам хатиб Таалайбек ажы Акунов билодирди.   

Анын айтымында, мектептерге барып адеп-ахлак сабактарын өтүү менен бирге, имамдар мектептен тышкаркы убактарда жаштар арасында ар кандай терс агымдардан алдын-алуу багытында окуу курстарын уюштурулуп жатат.  

Бул иш-чара Аймактарды көтөрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылынын алкагындагы өткөрүлүүдө.