Нарында балдарды колдоо жылына карата кандай иштер жүрүүдө?

Кечээ, 2-мартта Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров 2020-жыл «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылына карата жаш өспүрүмдөргө карата жасалган укук бузууларды алдын алуу, ага карата 2019 – жылы жүргүзүлгөн иш аракеттердин жыйынтыктары, аныкталган көйгөйлөрдү чечүү жолдорун иштеп чыгуу боюнча тегерек стол өткөрдү.

Жолугушууда Нарын шаардык мэриясы жана тиешелүү мекеме-жетекчилери тарабынан  2019-жылы жасалган иштер тууралуу маалымат берилип, андан соң сунуш-пикирлер айтылды.

“Балдарды колдоо жылына карата Нарын облустук казыяты дагы бул багытта бир топ иштерди алып барууда. Алардын бири бүгүнкү күндө Нарын облусунун аймагында “Билим Кербени” долбооруну иш алып барууда. Ал долбоордо облус казысы Мамбетасан ажы Ибраев өзү баш болуп балдарды билимдүү болууга, китеп окуу жана жакшы таалим тарбиялуу болуу үчүн шык берүүдө. Биз дагы бул долбоордун алкангында  Нарын шаарындагы орто мектептерде шаардык мэрия менен биргеликте иш алып баруудабыз”,-деди Алмаз Талипакунов.

Тегерек столго Нарын шаарынын прокурору М.К.Акматалиев, Нарын шаардык сотунун төрайымы Н.Сейдакмат кызы, Нарын ШИИБнүн башчысы милициянын полковниги Т.Э.Кадыров, Нарын райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармасынын башчысы В.К.Өмүралиева, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Мамбетов, ж.б. Нарын облустук казыятынын Нарын шаары боюнча баш имам хатиби Алмаз Талипакунов жана башка тиешелүү-мекеме жетекчилер катышты.