Нарын казыятынын “Билим Кербени” долбоору Кочкор жергесинде уланды

“Билим Кербени” долбоорунун алкагында Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев Кочкор  районундагы Нинакан Жүндүбаева атындагы  мектеп-гимназиясынын  окуучулары, мугалимдери жана ата-энелери менен жолугушуу өткөрдү.  Облус казысы менен биргеликте Нарын облустук казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Сейит Исаев, Кочкор районунун баш имам хатиби Жеңишбек Арзымкожоев, “Билим Кербени” долбоорунун негиздөөчүлөрүнүн бири Талант Ниязбеков катышышты.

Жолугушууда ата-энелер үчүн Мамбетасан Ибраев балага тарбия берүү, мугалим, ата-эне, окуучу ортосундагы мамиле жана бүгүнкү күндүн көйгөйү болгон Интернет тууралуу айтып берди. Мындан тышкары окуучулар үчүн атайын спикер Талант Ниязбеков жана  билим, кесипке туура багыт берүү, ыйман, адеп тууралуу лекцияларды өтүп, облус аймагында өткөрүлүп жаткан “Билим Кербени” долборунун максатын тааныштырды.

 «Максатты бийик коюп, кайраттуулук менен алдыга умтулгула. Жашбыз деп убакытка алданбай, азыртадан көздөгөн максатыңарга жетүүгө аракет кылгыла.  Албетте, ой-өрүшүңөрдү өнүктүрөм десеңер, анда көп-көп китеп окугула. Силер билимдүү, ыймандуу болуу менен Кыргызстандын келечегисиңер. Ошондуктан мектепте алган билимди терең алуу менен биргеликте китеп окууга өзүңөрдү көндүргүлө. Албетте окуган муун бул жаркын келечек», — деди Мамбетасан Ибраев окуучулар менен болгон жолугушууда.

Ошондой эле облус казысы Кочкор районундагы Кара-Тоо айылындагы орто мектептин окуучулары менен жогорудагыдай эле жолугушуу өткөрүлдү.

Долбоор — облус аймагындагы бардык билим берүү мекемелеринин окуучуларына, студенттерине, мугалимдерине жана ата-энелерге багытталган. Долбоордун максаты, өлкөнүн бардык орто жана жогорку билим берүү мекемелеринде окуган окуучуларга жана студенттерге атайын алдыга умтулууга шык (мотивация) берүү максатында жолугушууларды уюштуруу жана практикалык тренингдерди өткөрүү. Ошондой эле алардын лидерлик сапатын жогорулатуу менен дүйнөгө болгон көз карашын кеңейтип, коомго салым кошуусуна үндөө болуп саналат. Долбоордун өзгөчөлүгү китеп конкурсу уюштурулуп, атайын тестирлөөнүн жыйынтыгы менен алдыңкы оорунду ээлегендерге белектер, акчалай сыйлыктар жана кийинки турга жолдомолор берилет.