Ош облусунда медресе мугалимдерине 3 күндүк окуу семинары болду

Ош облусунун медресе мугалимдеринин катышуусунда «Коомчулуктар тынчтык үчүн» аттуу долбоору ишке ашырылып, анда медресе мугалимдери жана мечит имамдары үчүн «Эл аралык толеранттуулук үчүн» фонду тарабынан  3 күндүк окуу семинары уюштурулду.

Семинардын жүрүшүндө имамдар зордук-зомбулукту алдын алуу, экстремизм жана ракдикализм менен күрөшүү боюнча бир катар маалыматтарга ээ болушту. Семинардын жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, КРнын өкмөтүнүн Аппараты, КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, БУУнун тынчтыкты куруу фонду колдоосу менен ишке ашырылды.