Бишкек шаарынын имамдарына коронавирус тууралуу маалыматтар берилди

Кечээ, 3-март күнү Бишкек шаарындагы «Жал» мечитинде Ленин районунун имамдары учурда дүйнөнүн көпчүлүк мамлекетинде жайылып жаткан коронавирус тууралуу Бишкек шаардык санитардык эпидемиологиялык борбордун өкүлү менен жолугушуп кенен маалымат алышты.

Жыйында негизинен вирустун пайда болушу, жугуу жолдору жана андан сактануу тууралуу талкуу болду. 

Жолугушууга катышкан Ленин районунун башкы имамы Болотбек ажы Кулуевдин айтымында, бардык нерсени алдын алууда дин кызматкерлери даяр экенин белгиледи.

«Биз мусулмандар албетте ар кандай илдетке чалдыгуудан мурда алдын алуу чарасын көрүшүбүз керек. Ансыз деле динибиздин бизге берген буйруктары баары ар кандай оорунун алдын алууга жетиштүү. Биз динибиз буйруган нерселерди так аткарсак, ар кандай оору, вирустар бизге жолобойт деп ишенем»-деди Болотбек ажы.