Базар-Коргондо райондук деңгээлде Куран жарышы болуп өттү

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 2-март күнү 1 парадан  30 парага чейин карылар арасында райондук деңгээлде Куран жарышы болуп өттү.

Жарышка Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз каары Закиров, облусдун ар тарабынан келген дин аалымдары, каарылар, аксакалдар жана Базар-Коргон өкмөт башчылары  катышты.

 Иш-чараны  калыстар тобунун төрагасы Мирлан кары Кожошов Кереметтүү Куранды окуу менен ачты. Ал эми калыстар каарылардын тажвид, кооз жана жат окуусун дыкаттык менен көзөмөлдөп баа беришти.

Жыйынтыгында отуз параны жатка айткан карылардын ичинен бардык талапка жооп берген Хожиакбар каары Ахмедов биринчи орунду ээлеп, “Умра” сапарынын жеңүүчүсү болду. Экинчи орунду Мухториддин каары Комилжановго 25 000 сом акчалай сыйлык тапшырылды.  Көзү азиз болсо да такалбастан окуп Мансур каары Марипжанов  үчүнчү орунга жетишип, велоспед жана 10 000 сом акча менен сыйланды. 

Соңунда  Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закиров жеңүүчүлөрдүн белектерин тапшырып, уюуштуруучуларга ыраазычылык билдирип,  бул иш-чарага  демөөрчүлүк кылган Базар-Коргон районунун кулуну, жеке ишкер Надирбек Салижановго  ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Куран жаттаган жеткинчектерибизди көрүп мен чынында  аябай толкунданып турамын. 12-апрелде өтө турган Республикалык деңгээлдеги финалдык мелдеште да жеңишке жетишиңерге мен тилектешмин. Мелдешке демөөрчү болгон Надирбек ага сизге жеке өзүмдүн атымдан жана жалпы жамааттын атынан ыраазычылык билдирем”,-деди облус казысы.