Аксынын баш имам хатиби Мырзабек Абдыкалыков Артыгалынын кыялын орундатты

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жерге-Тал айыл аймагында жайгашкан Боспуек айылынын тургуну Артыгалы Амиракулов төрөлгөндөн бери эки буту жана бир колу жакшы иштебейт. Учурда жергиликтүү мектепте 6чы класста окуйт. Ага карабай өзүнүн коляскасы менен мектепке барып келгендиктен жолдун таштактыгы колясканы жараксыз абалга алып келген эле.  

Райондун баш имам хатиби Мырзабек Абдыкалыков жана айыл аймактын имамы Төлөгөн Усубалиев менен биргеликте Артыгалыга жаңы коляска жана окуучуга керектүү окуу куралдарын белекке беришти. Бул сооп амалды баланын атасы терең ыраазычылык билдирип, күтүүсүз белек болгонун жашырган жок.

Артыгалы сен биздин кичинекей досубузсун. Биз сенден кабар алып турабыз. Окууларыңа ийгилик, өзүңө ден соолук каалайбыз”,-деди баш имам хатиб.

Эскерте кетсек, бул колясканы атын атабаган кайрымдуу айдоочу муктаж адамга бергиле деп райондук хатибиятка берип кеткен.