Ош шаарындагы “Айша-эне” мечитинин ишмердүүлүгү текшерилди

Кечээ, 4-март күнү Ош шаарынын Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам хатиби Юнусов Исак ажы “Айша-эне” мечитинин ишмердүүлүгү менен таанышып, мечитте жүргүзүлүп жаткан иштерге карата өз баасын берди.

Негизинен мечитте жамаат үчүн шарттар жакшы деңгээлде түзүлүп, дагы да оңдоп-түзөө иштери да уланып жатат. Мечиттин ашканасы, чай ичүү бөлмөсү жана дааватка келгендер үчүн курулуп жаткан жатак бөлмөсү ж.б. бир канча бөлмөлөр башка мечиттерден айырмаланып турат.

“Мечитке ибадат кылуу үчүн келген ар бир мусулман бир тууганыбыз үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берүү үчүн колдон келгенче кызмат кылып жатасыздар. Мечиттеги ишиңизди ибадат деп билиңиз жана ар бир ишиңизди майын чыгарып аткарыңыз,” – деди Исак ажы Юнусов.

Айта кетсек, Ош шаарында жалпы 78 мечит бар. Анын ичинен 46 мечит Ак-Буура батыш хатибиятына, ал эми 32 мечит Ак-Буура чыгыш хатибиятына карайт. Жалпы 41 мечитте жума намазы окулат. Мына ушул мечиттердин катарында “Айша-эне” мечитинде да жума намазы окулат.