Баткен районунда мектеп окуучулардын таалим-тарбиясына көңүл бурган жыйын болду

Кечээ, 4-мартта Баткен районунун Бужум айылындагы “Тажибай Мурзапаров” атындагы орто мектепте “Баланын орду көчөдө эмес, мектепте” деген теманын алкагында иш-чара болуп  өттү.

Иш-чарага Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн  башчысы Олжобай Мажлимов, райондун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов, Баткен РИИБнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө кызматкерлери , үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнөн өкүлдөрү  район аймагындагы мектеп директорлору, соц кызматкерлери катышты.

Анда коомдо болуп жаткан жаш өспүрүмдөрдү колдоо боюнча өз ойлорун айтып, бир катар маалыматтарды беришти. Ошондой эле иш-чарада жаш өспүрүмдөргө карата жасалып жаткан кылмыштарды болтурбоо багытында мектептеги соцкызматкерлер менен дин кызматкерлери менен суроо-жооптор болуп, кенен талкуу болду.