Кубанычбек Мустапаев: Мекенибиздин өнүгүп-өсүүшүнө салым кошуу ар бир жарандын милдети

Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айылынын имамы Кубанычбек Мустапаев, айыл аксакалы Эсенбек Жапаров жана айыл өкмөт башчысы Каныбек Иманалиев, Кичи-Кемин айылынын Б. М. Юнусалиев атындагы орто мектептин 8-11 класстын окуучулары менен жолугушуп, «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо» жылына карата баяндамаларын жасап, ачык сабак өтүштү.

Ачык сабак алкагында уюштуруучулар өздөрүнө тиешелүү баяндамаларын жасап, окуучулар тараптан берилген суроолорго жооп беришти.

Айыл өкмөт башчысы Каныбек Иманалиев окуучуларды мектепти, мугалимдерди урматтоого чакырып, билим алуу үчүн мектепте бардык шарттар каралганын баса белгиледи. Ал эми айыл аксакалы Эсенбек Жапаров жаш муунду адеп-ахлактуу болууга үндөп, жакшы кулк-мүнөздүн пайдаларына токтолду.

Өз кезегинде айыл имамы илим алуунун пайдаларын айтып, келечекте өлкөбүздүн өсүшүнө салым кошкон инсандардан болгонго үндөп, ошону менен катар Жаратуучунун буйруктарын да унутпоо керек экенин эскертип өттү.

«Илимдүү инсан карангыда чырак менен жүргөн сымал. Илим алып, өлкөбүздүн өнүгүп-өсүүшүнө салым кошуу ар бир жарандын милдети. Күнүмдүк жашоодо өзүбүздү туура алып жүрүү – шариатыбыздын талабы. Илим алуу менен биргеликте, Жаратуучунун да буйруктарын аткарып, илимибиздин мөмөсүн көрөлү», — деди айыл имамы Кубанычбек Мустапаев.