Кочкордун Кара-Суу айылына Нарын казыятынын «Билим Кербени» долбоору таныштырылды

Кечээ, 4-мартта Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара-Суу айылынын Ш.Рысмендеев орто мектебинде Нарын казыяты жана «Биздин Тилек» коомдук фонду уюштурган «Билим кербени» долбоорунун тааныштырылды.

Билим Кербени жана анын максаты тууралуу Нарын облустук казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Сейит Исаев жана Кочкор районунун баш имам хатиби Жеңишбек Арзымкожоев кенен маалымат беришти.

«Билим Кербени долбоорунун алкагында «Эмне учун китеп окушубуз керек» китебинен 7-11 класска чейин окуучулар арасында китеп окуу сынагы башталды. Бул конкурска өз ыктыяры бар окуучулар катыша алышат. Конкурстун жыйынтыгы 18-мартта тест түрүндө өткөрүлөт. 1,2,3-орунга белектер берилет жана алдыңкы орун алган окуучулар райондук китеп окуу конкурсуна жолдомо алат. Урматтуу ата-энелер мүмкүнчүлүктү  колдон чыгарбай балдарыңыздарга китеп сатып алып берип, катыштырыңыздар”,- деди Сейит Исаев

“Билим Кербени” долбоору — облус аймагындагы бардык билим берүү мекемелеринин окуучуларына, студенттерине, мугалимдерине жана ата-энелерге багытталган. Долбоордун максаты, өлкөнүн бардык орто жана жогорку билим берүү мекемелеринде окуган окуучуларга жана студенттерге атайын алдыга умтулууга шык (мотивация) берүү максатында жолугушууларды уюштуруу жана практикалык тренингдерди өткөрүү. Ошондой эле алардын лидерлик сапатын жогорулатуу менен дүйнөгө болгон көз карашын кеңейтип, коомго салым кошуусуна үндөө болуп саналат. Долбоордун өзгөчөлүгү китеп конкурсу уюштурулуп, атайын тестирлөөнүн жыйынтыгы менен алдыңкы оорунду ээлегендерге белектер, акчалай сыйлыктар жана кийинки турга жолдомолор берилет.