Чаектин борбордук мечитине жылуулук берилип, дааратканасы салынууда

Нарын облусунун Жумгал районунун борбору Чаек айылындагы борбордук мечити кышкы жылуулук менен камсыздалып, мечиттин ажатканасы салынууда. Мечиттин кышкы жылытуучу тетиктерине жалпысынан 150 миң сом бөлүнүп, ишке беририлди. Бул тууралуу Жумгал райондук хатибиятынан билдиришти.   

Ага кеткен чыгымдын 105 миң сому демөөрчүлөр тарабынан каржыланган. Атап айтканда, “Шарбон” ЖАК ишканасы  30,0 мин сом, Жумгал суу курулуш фирмасы 15,0 миң сом каражатты бөлүп беришкен. Ошондой эле усталардын эмгек акысы катары 15 миң сом сарпталган.

Калган 60 миң сомдук каражат жергиликтүү эл тарабынан берилген.

 “Борбордук мечиттин салынганынан бери кышкы жылуулук системасы жок суук мечитте намаз окуп келгенбиз. Жылуулук систамасы толугу менен бүткөрүлүп мечитке каттаган адамдарга жакшы шарт түзүлдү. Мындан тышкары мечитке демөөрчүлүк  жардам катары “Ю Энд Ми Ко” фирмасы 10 миң сом, “Береке Пром” фирмасы 20 миң сом каражат бөлүшүп, ал каражатка мечиттин  ажаатканасы салынууда”,-деди  хатибияттан.