Жаңы-Жер айылындагы «Равза» жана «Эргеш кызы Карамат» медресесинен 30 окуучу ширетүүчү кесибине ээ болушту

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы «Равза» жана «Эргеш кызы Карамат» медреселеринде билим алган 30 окуучуга ширетүүчү боюнча окуу курсун аяктагандагы үчүн сертификаттар тапшырылды.

Кошумча кесип үйрөткөн курстар Кыргызстан Мусулмандарынын Диний Башкармалыгы жана «АВЕП» фондунун «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоорунун алкагында ишке ашып, «АВЕП» фонду тарабынан каржыланып, окуучуларды кесипке окуткан керектүү жабдыктарды алып берүү менен уланып келет. Бул тууралу «Равза» медресесинин мүдүрү Ускенбай ажы Каландаров билдирди.

Анын айтымында, аталган окууга эки медресесинин окуучулары жана Жаңы-Жер айылынын тургундары да катышып, окуунун аягында атайын комиссиянын алдында иш жүзүндө сынак тапшырып, сертификатка ээ болушкан.

«Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоору өтө жакшы натыйжа берип, медресе жаштары диний жактан да, кесиптик жактан да ийгилик жаратышууда. Жөн гана окуп койбостон иш жүзүндө атайын комиссиянын алдында сынак тапшырып, сертификаттарга ээ болушту. Буюрса бул долбоор жаштардын келечегине чоң салымын кошоп деп ишенебиз. Учурдан пайдаланып юуштуруучуларга ыраазычылыгымды билдирем», — деди медресе мүдүрү Ускенбай ажы Каландаров.

Эске сала кетсек, бул курсту бүтүрүүчүлөр төртүнчү айлампадагы окуучулар. Буга чейин үй айлампа натыйжалуу жыйынтыкталып, аларга да сертификаттар тапшырылган. Ошону менен катар, медреседе билим алган кыздар да «Тикмечи» деген сертификатка ээ болушкан.