Диний окуу жайда билим алган 60 окуучу акысыз англис тилин окууга мүмкүнчүлүк алышты

Бүгүн, 4-мартта Бишкектеги К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасында И. Арабаев атындагы Теология  Колледжинин жана Мааткабул уулу Шершенбай ажы атындагы медресенин 60 окуучусуна Аксес Англис тилин үйрөнүү микростипендия программасына киргени үчүн атайын сертификаттарга ээ болушту.

Аталган иш-чарага Дин иштери боюнча комиссиясынын башчысы Зайырбек Эргешов, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын диний окуу жайлар бөлүмүнүн адиси Орозали ажы Адранов, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу жана окуучулар, мугалимдер катышты.

АКШ Мамлекеттик Департаменти каржылаган, Лингва коомдук фонду тарабынан жүзөгө ашырылып келе жаткан, Аксес программасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 13-16 жаштагы окуучуларды эки жыл ичинде акысыз англис тилин үйрөтүшмөкчү.