Алмаз Талипакунов: Мекенди сүйүү бул ыймандан. Ыймандуу адам эч качан мекенин, өзү жашап төрөлгөн жерин сатпайт

Нарын районуна караштуу Эчки-Башы айылындагы Ж.Иманалиев атындагы орто мектебинде 10-11класстын окуучуларына мектептин Аскерге чейинки даярдоо сабагынын мугалими Кайырбек  Касымбековдун  демилгеси менен «Ачык сабак» өткөрүлдү.

Ачык сабакка Эчки-Башы айылынын айыл өкмөтү, мектеп администрациясы,  окуучулар, Нарын облустук мусулмандар казыятынын Нарын шаары боюнча баш имам хатиби Алмаз  Талипакунов  жана Нарын ОИИБнын кызматкерлери катышты.

Ачык сабак  эки багытта өткөрүлдү. Биринчи багыт аскерге чейинки даярдоо сабагы боюнча Макаров тапанчасы боюнча кеңери маалымат алуу. Ачык сабактын экинчи багытынын жүрүшүндө  жаштарды мекенди сүйүүгө жана патриоттуулукка тарбиялоо максатында жана ошондой эле 23-февраль Мекенди коргоо күнүнө карата патриоттук ырлар, бийлер окуучулардын атынан тартууланып келген коноктор менен маек курулду.

“Мекенди сүйүү бул ыймандан. Ыймандуу адам эч качан мекенин, өзү жашап төрөлгөн жерин сатпайт. Өлкөбүздүн, элибиздин тарыхы нечендеген доорлорду басып өткөн. Биздин элибиздин тарыхы бай, тарыхты окуу менен биз өз элибиздин басып өткөн издерин билүү менен мекенибиздин кадыр баркына жетүүбүз керек. Сиздер мекенибиздин өсүп өнүгүүсү үчүн келечексиңер, жакшы билим, илим алуу менен Кыргызстанга кызмат кылууңар керек”,- деди Алмаз Талипакунов.