Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Борбор Азия багбандар биримдиги уюмунун жетекчиси Абдулла Ташиевич менен жолугушту

Бүгүн, 5-мартта Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Борбор Азия багбандар биримдиги уюмунун жетекчиси Абдулла Ташиевич менен жолугушту.

Жолугушууга Азирети Муфтийдин жардамчысы Умар ажы Бакиров дагы катышып, анда Абудулла Ташиевич багбанчылыктын сырлары менен Азирети Муфтийге жана КМДБнын кызматкерлерине маалымат берип, Кыргызстандын климаттык шартында төмөнкүдөй көчөт тигүү керектигин билдирди.    

“Кыргызстанда мөмө-жемиш багын өстүрүү дыйкандар үчүн кирешелүү жумуш. Өлкөбүзгө сырттан паспортсуз кирген көчөттөр аркылуу ар кандай илдеттер, зыянкеч курт-кумурскалар кирип жатат. Ал үчүн биз сырттан келгендерге сертификат талап кылып, сапаттуу гана көчөттү тандап алуубуз зарыл”,-деди Абдулла Ташиевич.

Муну менен катар Кыргызстандын жер кыртышына ыңгайлуу деп үч алманын түрүн атады. Алар кыш мезгили үчүн голден делишес, гренни смит жана ред чиф. Ал эми жай мезгили үчүн ыңгайлуу жана туристтер үчүн өтүмдүү гала маст менен эрли женева сыяктуу алманын түрүн көбөйтүү керек. Мындан тышкары кокон гилас, өрүктү өстүрүүдө анын түшүмүнө карап, тигүүгө багбандарды чакыра кетти.

Ал эми Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев буга чейин жыл сайын уюштурулуп келген КМДБнын «Бир момунга бир дарак» акциянын алкагында көчөт тигүүдө жогоруда айтылган кеп-кеңештерди эске ала турганын, багбандын кыргыз эли үчүн жасап жатканы эмгеги үчүн мындан аркы ишине ийгиликтерди каалады.

Эскерте кетсек, Борбор Азия багбандар биримдиги уюмунун жетекчиси Абдулла Ташиевич азыркы учурда Кыргызстандын ар кайсы аймагында “Бак даават” деген аталышта окуу семинарын өткөрүп келет. Анда өлкөнүн климаттык шартында кайсы мөмө ири түшүм бере турганын жана башка бир катар маалыматтарды айтып, багбандарга, жергиликтүү элге керектүү кеп-кеңештерин берип келет.