КМДБнын юридикалык бөлүмүнүн башчысы КМДБнын Орусия Федерациясындагы өкүлүнүн ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Нурбек ажы Исманов Москва шаарына жасаган иш сапарынын алкагында  КМДБнын Орусия Федерациясындагы өкүлү Сүйүн ажы Жусубалиев менен жолугушуп, өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгү менен жеринде  таанышты.

Муну менен катар КМДБнын Аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Орусия аймагында эмгектенип жүргөн мекендештерибизге таалим-тарбия, үй-бүлө жана ата-энени урматтоо темаларында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кайсыл мамлекетте жашабасын ал мамлекеттин мыйзамдарын так сактоо керектигин айтууну сунуштады.

Ал эми КМДБнын Орусия Федерациясындагы өкүлү Орусия мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен биргеликте дин аалымдары мекендештерибизге түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп келе жаткандыгын баса белгиледи.