Муфтият коронавирустун алдын алуу максатында дин кызматкерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү бонча тапшырмаларды берди

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин кайрылуусуна ылайык, коронавирустун алдын алуу алкагында өлкө аймагындагы казыят, хатибият, мечит, медресе жана окуу борборлору менен биргеликте жума намаздарында, сабактарда жана ошондой эле жыйындарда коронавирустун алдын алуу жолдорун элге түшүндүрүү боюнча тапшырмаларды берди.  

Муну менен катар Муфтият республикадагы бардык мечиттерди  таза кармоо, жайнамаздарды дезинсекциялоо жана калкка дайыма түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Ошондой эле Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы  КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин көрсөтмөсүнө ылайык коронавирустан коргонуунун жолдорун эске алууга чакырат.

1)         Колду самындап жуу же спирт камтылган антисептикалык каражаттарды колдонуу;

2)         Жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду, мурунду кагаз бет аарчы  же чыканак менен тосуу;

3)         Дем алуу жолдорунун курч вирустук оорусуна кабылган адамдар менен кучакташуудан жана кол алышуудан кармануу;

4)         Курч респиратордук вирустук инфекциянын  белгилери (дене табынын жогорулашы, жөтөлүү, дем алуунун начарлашы) пайда болгон учурда айланадагыларга жуктурбаш үчүн бир жолу колдонуучу беткаптарды тагынуу;

5)         Бөлмөнү тез-тезден желдетүү жана нымдуу чүпүрөк менен көбүрөөк тазалап туруу;

6)         эт жана жумуртканы жакшылап бышыргандан кийин гана колдонуу;

7)       Эгер дене табы жогорулап, жөтөлүү пайда болуп, дем алуу кыйындаса, тезинен дарыгерге кайрылуу.