Жума намазы үчүн бардык шарт түзүлгөн Мажрумтал мечити

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу “Мажрумтал” мечити мындан эки ай мурун кайрадан жаңы курулуп, заманбап мечиттердин катарына кошулгандыктан, жума намазы үчүн уруксат берилген.

Ошондой болсо да жума намазына келген жамааттын көптүгүнөн мечит тар болгондуктан аны кеңейтүү муктаждыгы жаралган эле. Бул маселе боюнча мечиттин имам хатиби Медер Кадыров жана наиб имамы Рыскелди уулу Кыялдын жамаат үчүн ыңгайлуу шарт түзүү боюнча кеңейтүү иштери жүргүзүлүп, айланасы тосулду.

Айта кетсек, бул мечит 2500 адамга ылайыкташтырылган. Ага кеткен чыгымды өз атын атагысы келбеген шаар тургуну каржылаган.