Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков дин кызматкерлерине бир катар тапшырмаларды берди

Бүгүн, 6-мартта Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында, 2020-жылы казыяттын ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында баш имам хатибдерге жана казыят кызматкерлерине бир катар тапшырмаларды берди.

Алсак, имамдардын, дааватчылардын билимин жогорулатууга, ысырапкерчиликти алдын алуу боюнча аракеттерди активдештирүүгө, конфессиялар, этностор аралык мамилелердин бекемделишине көңүл бурууга жана элди ынтымакка, биримдикке чакыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жандантууга чакырды.

Мындан сырткары, мечиттердин тазалыгы, каттоосу, жаз алды менен мечиттердин жазга даярдыгы, айланасын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, имамдардын билим-деңгээлине жана кайрымдуулук иштерин жандантууга чакырды.