Бишкектеги бардык мечиттердин тазалыгына дыкат көңүл бурулат

Бүгүн, 6-март күнү Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов шаардагы бардык мечиттердин имамдарына бир катар тапшырмаларды берди.

Анда мечиттердеги тазалык, санитардык абалга жакындан көңүл буруп, бардык жарандарга ар кандай жугуштуу оорулардан алдын ала сактануу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү буйруду.

Жума намазы окулган бардык мечиттерде тазалык маселесине катуу көзөмөлгө алынаарын эскертти. 

«Тазалык-бул ыймандын жарымы деп хадистин маанисинде да келет. Биз мусулмандар тазалык боюнча баарына үлгү болушубуз зарыл. Анткени динибиз тазалыктын дини болуп жатат. Ал эми бүгүнкү күндө дүйнөдө тарап жаткан ар кандай вирустардын алдын алууда тазалык маселеси чындыгында көңүл борборунда болушу шарт»,-деди Садридин ажы.