«Ала Тоо» конушунда жайгашкан «Рашид Саид» мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бүгүн, 6-мартта Бишкек шаарындагы «Ала Тоо» конушунда жайгашкан «Рашид Саид» мечитинин дааратканасы, мечиттин бөлмөлөрү жана намаз окулуучу жай толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, колдонулууга берилди.

Мындай демилгени жергиликтүү жамаат колдоп чыгып, бир жылдан ашык убакытта ишке ашырылган. Бул тууралуу аталган мечиттин имам хатиби Турат ажы Чымбаев билдирди.

«Биз жашаган конушта 25-30 миңге чукул эл жашайт. Бул мечит конуштагы чоң мечит болуп эсептелет. Бул күнгө чейин мечитибиздин шарттары жакшы эмес болчу, жергиликтүү жамааттын демилгеси менен мына минтип жаңыланып олтурат»,- деди Турат ажы.