Мамлекетибиздин бүтүндүгүн, тынчтыгын тилеп бата кылынды

Бүгүн, 8-мартта Бишкектеги Имам Сарахси атындагы башкы мечитте Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана кайрымдуу инсандар менен биргеликте элибизде амандык, биримдик, жергебизге тынчтык болсун деген аруу тилекте бата кылынды.

Иш-чарага Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Молдо Сабыр Досбол уулу, Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов жана аксакалдар, жергиликтүү жамаат катышты.

Азирети Муфтий мамлекетибизде, дүйнөдө тынчтык, бакубатчылык, биримдүүлүк болсун деп дуба кылды.

“Мамлекетибизге тынчтык, биримдик, туруктуу жана бакубатчылык болсун. Ар бир үйдѳ ынтымак, ырыскы кетпесин, дасторконубузда молчулук, токчулук, ырыскы болсун. Жамандык башыбызга келбесин.  Жараткан Алла Таалам бүткүл дүйнөнү бейпил кылып, элибизди ар кандай балээден, бөөдө кырсыктан сактап, дубабызды кабыл кылсын”,-деди Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев.