Ош облусунда коронавирусту алдын алуу масксатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Коронавирусту алдын алуу максатында Ош облусунун бардык аймактарындагы мечиттерде, медреселерде жана жума намазына келген жарандарга коронавирус тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Муфтият тарабынан берилген тапшырмага ылайык, Ош облустук аймагына караштуу казыят, хатибият, медресе жана диний окуу борборлору менен биргеликте жума намаздарында сабактарда жана жыйындарда коронавирустун алдын алуу жолдорун элге түшүндүрүү боюнча тапшырмалар берилди.

Ошондой эле облус аймагындагы бардык мечиттерди таза кармоо, жайнамаздарды дезинфекциялоо жана калкка дайыма түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмалары берилди.

«Коронавирусту алдын алуу максатында облуска караштуу бардык мечит имамдарына, медресе жана окуу борборлорунда керектүү тапшырмалар берилди. Жума күнүнө келген жарандарга да түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү»,- деди Нурбек каары Орунбаев.