Чүй облусундагы мечиттерде коронавирустан коргонуунун жолдору айтылды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана Саламаттык сактоо министрлигинин кайрылуусу боюнча, коронавирустун алдын алуу максатында Чүй казыятына караштуу мечиттердеги жума намазына келген жарандарга коронавирус жанан андан кантип сактануу керек экендиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

КМДБ берген тапшырмага ылайык, Чүй казыяты тарабынан хатибият, мечит, медресе жана окуу борборлору менен биргеликте жума намаздарында, сабактарда жана ошондой эле жыйындарда коронавирустун алдын алуу жолдорун элге түшүндүрүү боюнча иш-арекеттерди дайым жүргүзүп туруу тапшырмасы берилди.  

Ошондой эле облустагы  бардык мечит, медресе жана окуу борборлорду  таза кармоо, жайнамаздарды дезинфекциялоо жана калкка дайыма түшүндүрүү иштерин жүргүзүү баса белгиленди.

Коронавирустан коргонуунун жолдору:

  1. Кетирген ката кемчилик, күнөөлөр үчүн Алла Тааладан кечирим сурап, тообо кылуу
  2. «Анбия» сүрөсүнүн 87-аятын жана «Ахзаб» сүрөсүнүн 13-аятын дайыма окуп жүрүү
  3. Колду самындап жуу, же спирт камтылган антисептикалык каражаттарды колдонуу
  4. Жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду, мурунду кагаз бет арчы, же чыканак менен тосуу
  5. Дем алуу жолдорунун курч вирустук оорусуна кабылган кишилер менен кучакташуудан, өбүшүүдөн жана кол алушуудан кармануу
  6. Курч респиратордук вирустук инфекциянын белгилери (дене табынын жогорулашы, жөтөлүү, дем алуунун начарлашы) пайда болгон учурда айланадагыларга жуктурбаш үчүн бир жолу колдонуучу беткаптарды тагынуу
  7. Бөлмөнү тез-тезден желдетүү жана нымдуу чүпүрөк менен көбүрөөк тазалап туруу
  8. Эт азыктарын жакшылап бышыргандан кийин колдонуу.