Талас облустук казыятынын 2020 – жылга карата иш планы каралды

Талас облустук мусулмандар казыятында казыят кызматкерлерин катышуусунда кезектеги жыйын өттү.

Жыйындын жүрүшүндө облус казысы Таалайбек ажы Бапиев 2020-жылга карата иш пландарын жана казыят кызматкерлери жер-жерлердеги баш имамдардын ишмердүүлүгүнө, коомчулук менен биргеликте иш алып барууну жөнгө салууну талкуулашты.

Мындан тышкары ысырапкерчилик, экстремизм жана терроризмди алдын-алуу, боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө чакырды.

“2020-жыл аймактарды өнүктүрү жана өлкөнү санариптештирүү балдарды колдоо жылынын алкагында балдарга көбүрөөк көңүл буруп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушууларды байма-бай жүргүзүүгө, биргеликте иштешибиз керек”,-деди облус казысы.