Манас районуна караштуу Үч – Коргон айылынын имамы Абылкасым Мырзаев жардамга муктаж 4 үй-бүлөгө азык-түлүк алып берди

Талас облусунун Манас районуна караштуу Үч – Коргон айылынын имамы Абылкасым Мырзаев мечиттин жамааты менен биргеликте ай сайын кайрымдуулук иштерин өткөрүп келет. 

Бул жолкусунда садака үчүн чогулган акча каражатына азык — түлүктөр сатылып алынып, айылдагы  4 муктаж үй-бүлөлөргө кезеги менен  таратылып берилди.

Белгилей кетсек, өткөн айда   чогулган  4200 сом колунда жок үй-бүлөлөргө, биринчи топтогу  майып бир тууганыбызга берилген. 

“Аз садака көп  балээден сактайт”. Андыктан    тапканыбыздын  белгилүү бир бөлүгүн    муктаждарга бергенди  үйрөнөлү.  Берүү менен мусулмандын байлыгы кемибейт, тескерисинче  берекелүү жана жетиштүү болот”,- деди Абылкасым Мырзаев.