Тоң районундагы мечиттердин короосун тазалоо, жашылдандыруу иштери жүрүүдө

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу мечиттерде айланасын көрктөндүрүү жана тазалоо иштери башталды. Бул тууралуу райондун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов билдирди.

Анын айтымында, жаздын келиши менен райондогу бардык мечиттерди жазга кам көрүп, оңдоп-түздөө, мечит айланасын тазалоо, иретке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Айыл жаштары жана жергиликтүү тургундар менен биргеликте Дөң-Талаа, Туура-Суу 2, Көк-Мойнок 2 айылдырында мечиттерин оңдоп-түздөөдөн өткөрүп, алдыда көчөттөрдү отургузуп, мечит айланасын жашылдандыруу жана курчоо иштери баштамакчыбыз”,-Таалайбек ажы.