Кеминде имамдардын диний илимин жогорулатуу боюнча атайын сабактар өтүлүүдө

Чүй облусуна караштуу Кемин районунун баш имам хатиби Куттубек ажы Дүйшөбаевтин демилгеси менен, Кемин районундагы айыл имамдарынын диний билимин жогорулатуу максатында атайын сабактар уюштурула баштады. Бул тууралу райондун баш имам хатиби Куттубек ажы Дүйшөбаев билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чара Кемин районунун жылдык иш мерчеми менен бекитилип, ага район имамдарынын бардыгы кезек кезеги менен катышмакчы.

«Илим алуу – бекшиктен кабырга чейин демекчи, илим эч качан көптүк кылбайт. Билген, көргөнүбүзгө караганда билбегенибиз өтө эле көп. Бул иш-чараны уюштуруудан мурда атайын кеңешип, айыл имамдардан сунуштар түшкөндөн кийин гана кириштик. Жашы улуу болсо да, илим үчүн келген имамдардан Кудайым ыраазы болуп, Кыямат күнү аалымдар менен тирилткен болсун», — деди Куттубек ажы Дүйшөбаев.

Сабак 2 саатка созулуп, анда Ханафий мазхабынын негизинде «Фатава Хиндия» китебинен «Кыбыла» туурасында болду окутулду.