Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов кыргыз-тажик чек арасындагы айылда жергиликтүү эл менен жолукту

Иш-чара Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Исмаил Ата» мечиттинде өткөрүлүп, 200 дөн ашуун жергиликтүү жашоочулар катышты.

Жолугушууда райондун баш имамы  элди сабырдуулука, эки элдин мамилесин бузуучу аракеттерден алыс болууга чакырды. Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан бектилген жылдык бирдиктүү жума хутбасынын негизинде «Диндеги аша чапкандык, сүнөткө бекем болуу» темасынын алкагында баяндамасын жасады.

Бүгүнкү болуп жаткан иш-чара, коомчулукта  терс көрүнүштөрдү алдын алуу жана улуттар аралык ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулуп, өткөрүлүүдө”,- деди Муса ажы.