Чоң-Алай районунун баш има хатиби Эрмекбай ажы Ташбеков «Мекенди сүйүү ыймандан» деген темада баяндамасын жасады

Ош облусунун Чоң-Алай районунун баш има хатиби Эрмекбай ажы Ташбеков «Кашыбак» чек ара кызматкерлерине  «Мекенди сүйүү ыймандан» аттуу баяндамасын жасады.

Анда Эрмекбай ажы чек арачыларды ыйманга, ынтымакка, тартиптүүлүккө чакырды.

«Пайгамбарыбыз (с.а.в) мындай деген: «Эки көз тозоктун отун көрбөйт. Алладан коркуп ыйлаган көз жана түнү боюу Алла жолун күзөттө турган көз».  Баарыңыздарды ыймандуу, тартиптүү жана ынтымактуу болууга чакырамын», — деди Эрмекбай ажы.