Нарын шаарында Курани-Каримди жаттоо боюнча жарыш өткөрүлдү

Кечээ, 8-март күнү Нарын облустук казыяты тарабынан окуучулар арасында  Курани-Каримди жаттоо боюнча жарыш өткөрүлдү. Жарыш Нарын шаарындагы Азирети-Али мечитинде өткөрүлдү. Жарышка  Нарын шаарынан 29 талапкер өз күчтөрүн сынап көрүштү.

Алар жалпысынан Курани-Каримди жаттоо, тагыраагы он жана жыйырма сүрөнү жаттоо боюнча жарыш өткөрүлдү. Жарышка Нарын шаарындагы мечиттердин имамдары атайын окуучуларды даярдашкан. Курани-Каримди жаттоо боюнча жарыштын жыйынтыгында он сүрө жана жыйырма сүрө боюнча 1,2,3 орундарга, Курани-Каримди кооз окугандыгы үчүн жана жарышка катышкандыгы үчүн мактоо баракчалары, Курани-Карим китеби жана  баалуу белектер тапшырылып берилди.

Нарын шаарындагы “Саад бин Абу Ваккас”  мечитинин имамы Эрик Молдокулов Курани-Карим жарышына катышкан окуучуларга ыймандуу, билимдүү жаштардан болууга үндөдү.

“Куранды канчалык көп окуган сайын кайратыңар артат, Куранды толук жаттаган эр азаматтардын бири болгула. Спортто деле, күрөшкө барып жатпайсыңарбы, күрөшкө барганда чуркап, машыгып бутуңарга, булчуңдарга күч топтогон сыңары Куранды дагы көп окуй берсеңер жүрөккө күч топтойсуңар. Ошондо коркпос, эр-жүрөк, мекенчил, элин,  ата-энесин сыйлаган күчтүү эр азаматтардын бири болосуңар. Мындан ары Курани-Каримди толук жаттап, дагы башка балдарга үйрөтө турган балдардан болгула”,- деди Эрик Молдокулов