Нарын облусунун казысы “Билим кербени” долбоорунун алкагында ата-энелерди китеп окууга чакырды

Нарын казыятынын «Билим Кербени» долбоорунун алкагында Нарын облусунун казысы Мамбетасан  ажы Ибраев Кочкор  районундагы Орток айылындагы Абдразак Жалпетеков атындагы орто мектебинде, Ак-Талаа айылындагы Азис Абдыкеримов атындагы орто мектебинде жана Мантыш айылындагы Таалай Курткаев атындагы атындагы орто мектебиптеринин окуучулары, мугалимдери жана ата-энелери менен жолугушуу өткөрдү.  

Облус казысы менен биргеликте Нарын облустук казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Сейит Исаев, Кочкор районунун баш имам хатиби Жеңишбек Арзымкожоев, “Билим Кербени” долбоорунун негиздөөчүлөрүнүн бири Талант Ниязбеков катышышты.

Жолугушууда ата-энелер  үчүн   Мамбетасан Ибраев балага тарбия берүү, мугалим, ата-эне, окуучу ортосундагы мамиле жана китеп окууга көнүл бөлүү, балдарды китеп окууга шыктандыруу керектигин баса белгиледи.  

 «Ата-энелер өзүбүз үйдөн китеп окуп, балдарыбызга үлгү бололу. Өзүбүз кылбаган нерселерди балдарга түртсөк балдар ал нерселерди албайт. Эгерде сиздер балдарыңыздар ыймандуу, билимдүү мекенге кызмат кылган чыгаан эр азаматтардан, уул-кыздардан болуусун каалсаңыздар балдарга жакшы көңүл буруңуздар. Балдарга эң биринчи үлгү боло турган бул ата-эне, андыктан балдарга жакшы таалим тарбия берүү ар бирибиздин милдетибиз», — деди Мамбетасан ажы Ибраев.

Билим кербени долбоору — облус аймагындагы бардык билим берүү мекемелеринин окуучуларына, студенттерине, мугалимдерине жана ата-энелерге багытталган. Долбоордун максаты, өлкөнүн бардык орто жана жогорку билим берүү мекемелеринде окуган окуучуларга жана студенттерге атайын алдыга умтулууга шык (мотивация) берүү максатында жолугушууларды уюштуруу жана практикалык тренингдерди өткөрүү. Ошондой эле алардын лидерлик сапатын жогорулатуу менен дүйнөгө болгон көз карашын кеңейтип, коомго салым кошуусуна үндөө болуп саналат. Долбоордун өзгөчөлүгү китеп конкурсу уюштурулуп, атайын тестирлөөнүн жыйынтыгы менен алдыңкы оорунду ээлегендерге белектер, акчалай сыйлыктар жана кийинки турга жолдомолор берилет.