Манас районунда жардамга муктаж 52 үй-бүлөгө азык-түлүк берилди

Бүгүн, 9-мартта Бишкек шаарынан “Садака жарыя” кайрымдуулук уюму тарабынан Талас облусунун Манас райондук хатибиятына жардам алуу кезегинде турган 52 үй-бүлөгө азык-түлүктөр тапшырылды.

Анын ичинде 10 кг ун, 5 л май, 5 кг макарон, 5 кг кум шекер,  5кг күрүч болуп бардыгы 30 кг ды түзөт. Жардам баштыкчасын Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев өз колу менен тапшырды. Ар үй-бүлөгө бериле турган баштык орточо 1500 сомдон айланып, жалпы 78 000 сомду түздү.

Баса белгилей турган нерсе, жаңы жылдан бери бул акция үчүнчү жолу өткөрүлүп жатат. Бул жолу Бала-Саруу,  Покровка,  Үч-Коргон,  Таш-Башат, Май,  Манас, Көк-Дөбө айылдарына таркатылды.

“Хатибияттын жана жалпы элдин атынан  “Садака жарыя”  кайрымдуулук фондунун өкүлдөрүнө жана ортобузда көпүрө болуп турган Израйил Ибраевге узун өмүр, кажыбас кайрат, чың ден соолук каалап кетебиз”,-деди Миржалал ажы Дадабаев.