Аравандын Алля Анаров айыл аймагында коронавирусту алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош облусунун Араван районунун Алля Анаров айыл аймагында коронавирусту алдын алуу максатында элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чарага Араван районунун баш имам хатиби Алибек ажы Жусупов, Араван районунун акиминин орун басары  Музаффар Мамасаидов, айыл өкмөт башчылары, ИИМ өкүлдөрү жана медицина кызматкерлери катышты.  

Иш-чарада Араван районунун баш имам хатиби Алибек ажы Жусупов аталган вируска каршы бардык бийлик бутактары менен биргеликте күрөшүү зарылчылыгын баса белгилеп, эл ичине жалган маалымат таратуунун күнөөлөрүнө токтолду.

«Жалган маалымат тараткандар бул жашоодо мыйзамдын негизинде жооп берсе, кыяматта да Жараткандын алдында да сөзсүз жооп берет. Бул туурасында Пайгамбарыбыз (с.а.в.) «Ушакчы жазысын тартмайынча же кечирилмейинче бейишке кирбейт» деп айткан. Мына ошондуктан жалган маалымат таратуудан корккула», — деди Алибек ажы Жусупов.