Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Социалдык коргоо фондунун кыматкерлери менен жолугушту

Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков Майлуу-Суу шаардык Социалдык коргоо фондунун кыматкерлери менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстанда ишмердүүлүгү сот тарабынан тыюу салынган уюмдар, экстремизм жана терроризм, матурудий акыйдасы жана Ханафий мазхабы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Жолугушууга мамлекеттик күч органдары дагы катышып, терс агымдар боюнча өз пикирлерин билдиришти.