Сузакта айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштери кызуу жүрүүдө

Жалал-Абад облусундагы  Сузак районунун Ырыс айыл аймагына караштуу «Хилол» жана «Молдо Осмон» мечиттеринде жазга карата жашылдандыруу-көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мечиттин жамааты анын айланасын тазалап, жазы жалбырактуу 20, ийне жалбырактуу 20 көчөт отургузушту. Райондун баш имам хатиби Жунус ажы Исмаилов мындай иш-чаралар райондун аймагындагы  бардык мечиттеринде өткөрүлүшүн милдеттендирди.

Ошону менен катар мечит эле эмес айыл тургундары да турак-жай жана короолорун, жолдун бойлорун, суу каналдарды тазалашты.

Биз көчөт эгүүдө көптөгөн садакаларга ээ болуу менен бирге экологияга жана жаратылышка зор салым кошкон болобуз. Бизден мурункулар көчөт тикти биз анын үзүрүн көрүп жатабыз, биз эгебиз бизден кийинкилер дагы пайдасын көрүшсүн,”-деди Жунус ажы.