Тоңдо айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү максатында имамдарга тапшырмалар берилди

Kadji Say

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов райондук имамдарга жазга кам көрүү ишемиликтерди өткөрүү боюнча имамдарга бир катар тапшырмаларды берди.

Ага ылайык, мечиттен сырткары ооруканаларды, бала бакча жана жетимдер үйлөрүн, айыл жана райондук ФАПдын айланасын, карылар үйүн ошондой эле борбордук көчөлөрдү, суу агуучу арыктар тазаланат.

Мындан тышкары жаратылышка аяр мамиле жасап, көрктөндүрүү, жашылдандыруу максатта көчөттөр дагы алынып, жакынкы күндөрү отургузуу иштери пландалууда.