Ош шаарынын жалпы имамдарына ишембилик өткөрүү тапшырмасы берилди

Бүгүн, 10-мартта Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу жалпы мечит имамдары үчүн борбордук “Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинде жыйын болуп, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев тарабынан имамдарга бир нече тапшырмалар берилди. Алар:

  1. Рамазанга даярдык көрүү
  2. Жаз мезгилине карата ишембилик өткөрүү
  3. Республикалык Куран жарышын элдерге жеткирүү
  4. Жума баяндарында КМДБ тарабынан бекитилген темадан сыртка чыкпоо
  5. Санариптештирүү жылына карата ар бир жума окулган мечитте бирден компьютердин болуусу ( кагаз иштерине так болуусу үчүн)
  6. Коронавирустун алдын алуу үчүн мечиттерди дезинфекциялоо.

Имам элди ынтымакка, биримдик жана достукка чакыруусу бир гана тил менен эмес, амал менен да жүргүзүүсү керек. Рамазан айында хатмы Куранды имам өзү окуса, мүмкүнчүлүк болбосо окуй турган каарыны мечиттин жергиликтүү жамаатынан чыкканы жакшы. Эгерде каары жок болгон болсо, анда бул уят нерсе деп кабыл алуу керек”— деди Убайдулла ажы Сарыбаев

Ал эми Ош шаарынын мусулмандар казысынын орун басары Мирланбек ажы Токтомушов: “Тазалык — ыймандын жарымы. Бул сөздү мечиттерде ар дайым баяндарыңыздарда айтып келүүдөсүздөр. Эми аны далилдөө үчүн ар дайым мечиттин ичи жана сырты таза туруусун камсыздап берүүңүздөр керек. Мечитти дезинфекиялап, ар жумада чакан ишембилик өткөрүп туруңуздар”,- деди Мирлан ажы.