Талас шаарында жардамга муктаж 20 үй-бүлөгө 70000 миң сом акча жана эт азыгы таратылды

Бүгүн, 10-марта Талас облусунун мусулмандар казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Өмүрзак ажы Абдысамат уулу кайрымдуу жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү менен калаадагы жетим жесирлерге, муктаж үй-бүлөлөргө эт жана акчалай жардамдар көргөзүлдү.

Аталган жардам жалпысына 20 үй-бүлөгө эт азыгы, акчалай 70000сом берилди. Ар бир үй-бүлөгө болжолду 4.5 миң сомдом бөлүнүп берилди.

«Муктаж үй-бүлөлөргө кол сунган жеке ишкерлерге терең ыраазылык билдиребиз. Жеке ишкерлер менен алака түзүү, бирге иштешүү жакшы иш болду. Азык-түлүк жагынан бир үй-бүлөгө жардам берүү сооп иштердин бири. Калктын аярлуу катмарына жардам колун сунган жигиттерге Жараткандын берекеси жана чексиз жакшылыктары болсун«,-деди Өмүрзак ажы.