Токмоктогу «Мустафа» ислам медресесинде дарыгер тазалык жана коронавирусту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасын жүргүздү

Чүй облусуна караштуу Токмок шаарындагы «Мустафа» ислам медресесинин окуучуларына жана аталган медресенин мугалимдерине өздүк гигиена, тазалык жана дүйнө жүзүнө тарап жаткан коронавирусду оруусун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Аталган иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын тапшырмасынын негизинде уюштурулуп, ага шаардагы медициналык тез жардам кызматкери Элчибек Жусупов, медресе окуучулары жана мугалимдер толугу менен катышты.

Иш-чара алкагында Элчибек Жусупов төмөнкү маселелерге токтолду:

  1. Ден соолук деген эмне?
  2. Туура тамактануу
  3. Физикалык машыгуулар
  4. Гигиена жана санитардык тазалык
  5. Жугуштуу оорулар
  6. Коронавирустун алдын алуу

Аталган иш-чара өтө кызыктуу болуп, суроо-жооптор айтылып, саламаттык сактоо кызматкерлери мындай иш-чараларды байма-бай өткөрүп туруу зарылдыгы айтылды.

«Ден соолук Кудай Тааланын берген өтө чоң, баа жеткис белеги. Ден соолук – бул аманат, көңүл бурбасак ага жооп беребиз. Дүйнөдө элдерди дүрбүлөңгө салган жаман оорулар пайда болууда, алардын алдын алуу максатында медресебизде саламаттык сактоо кызматкерлерин чакырып ийри иш-чара өткөрдүк. Аллах Таалам бүтүндөй элди оору-сыркоодон сактап, тынчтык насип этсин», — деди медресе мүдүрү Омар Нусыров.