Кең-Булуңдагы «Ала-Тоо» медресесинин окуучуларына тазалык жана коронавирустун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы болуп өттү

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң айылында жайгашкан «Ала-Тоо» медресесинин окуучуларына жана аталган медресенин мугалимдерине өздүк гигиена, тазалык жана дүйнө жүзүнө тарап жаткан коронавирус оруусун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Ага Гидростроитель айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкери Мира Шакиров, Кең-Булуң айылындагы ФАПтын фельдшери Расия Бейшекеева, медресе окуучулары жана мугалимдер толугу менен катышты.

Иш-чара алкагында саламаттык сактоо кызматкерлери төмөнкү маселелерге токтолуп, окуучуларга лекция өтүп берди:

  1. Ден-соолук деген эмне?
  2. Туура тамактануу
  3. Физикалык машыгуулар
  4. Гигиена жана санитардык тазалык
  5. Жугуштуу оорулар
  6. Коронавирустун алдын алуу

Аталган иш-чара өтө кызыктуу болуп, суроо-жооптор айтылып, саламаттык сактоо кызматкерлери менен мындай жолугушуулар байма-бай болуп туруу зарылдыгы айтылды.

«Байлык деп билгеним жалгыз гана ден соолук демекчи, ден соолугуң болбосо, чогулткан мал-дүйнөң бир тыйын. Өзгөчө өздөрүн илимге арнаган азаматтарыбыздын саламаттыгы мыкты болсо, алардан көп нерсени үмүт кылса болот. Азыр балдарыбыз, окуучулар жаш, жаштык кылып өмүр бою өкүнүп калышпасын деп ушул сымал иш-чараларды өткөрүп турабыз. Мындан ары да дарыгерлер менен план түзүп иш-чара өткөрүп турууга макулдаштык», — деди медресе мүдүрү Тумар Ширахунов.