Нарында окуучулар арасында кылмыштуулукту, зордук –зомбулукту алдын алуу боюнча жолугушуулар өткөрүлүүдө

Нарын шаарындагы орто мектептердин 9-10-11 класстардын окуучуларына,  окуучулар арасында кылмыштуулукту, зордук –зомбулукту алдын алуу боюнча жолугушуулар өткөрүлүүдө.

Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо  жылынын алкагында мектеп окуучулар арасында кылмыштуулукту, зордук –зомбулукту алдын алуу боюнча Нарын шаардык соту, Нарын шаардык прокуратурасы, Нарын ОИИБнын Нарын ШИИБ, Нарын шаардык мэриясы, Нарын облустук мусулмандар казыятынын Нарын шаардык хатибияты, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана өкүлдөрүнүн катышуусу менен Нарын шаарындагы орто мектептердин окуучулары менен жолугушуу өткөрүлүүдө.

Жолугушуу алгач Нарын шаарындагы №8 Арстанбек Буйлаш уулу мектебинде башталып, андан ары № 5 Кычан Жакыпов атындагы орто мектепте, №1 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте жана №4 Эсенгул Ибраев атындагы орто мектебинде уланды. Аталган жолугушуу Нарын шаарындагы орто мектердин баарында 12-мартка чейин жолугушуулар өткөрүлмөкчү.

Жолугушууда мектеп окуучуларына кылмыштуулукка, зордук –зомбулукка чакырган жаман терс көрүнүштөрдөн узак болуу менен билим алууга өзгөчө көңүл бөлүү керек экендигине басым жасалды.

Нарын облустук мусулмандар казыятынын Нарын шаары боюнча баш имам хатиби Алмаз Талипакунов орто мектепдин мугалимдерине ыраазычылыгын билдирди.

“Дүйнөдө эки түрдүү адамдар бар экен, биринчиси өзүнөн тарбия алып жаткан балдары жакшы болсо экен деген ата-эне болсо, экинчиси өзүнүн билгенин окутуп билим берип жаткан мугалим экен. Ата-эне уулум, кызым жакшы адам болсун деп ар дайым аракет кылып, өзү жебеген тамакты, өзү кийбеген кийимди балдарына берет. Ата-эненин ошол жакшы үмүтүн актоо үчүн жакшы жүрүм турумга ээ болуу менен терең билим алууңар керек. Адамда үч нерсе кайра кайтып келбейт, атылган ок, айтылган сөз, өткөргөн убакыт. Жаш кезде убакытты окуп алуу үчүн, билим алуу үчүн берилет. Ошондуктан билим алуу менен ата-энеге, мекенге кызмат кылуу үчүн билим алууга көңүл бургула”,- деди Алмаз Талипакунов.