Ысык-Көл облусу боюнча “Куран жазы” аталыштагы Куран жарышына катышуучулар тандалды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан ушул жылдын 12-апрелде республикалык деңгээлде өтө турган “Куран жазы” аталышдагы Куран жарышына катышуу үчүн Ысык-Көл облусунан 3 катышуучу тандалып алынды.

Бүгүн Куран жарышынын жарым финалдык тандоо сынагы өткөрүлдү. Сынактын жыйынтыгында 2 катышуучу тандалып алынды. Алдыда буюрса республикалык сынака даярдоо аракеттери көрүлмөкчү.

Тандоо сынагында калыстар тобу катышуучунун жаттоосуна, үнүнө жана тажвидге көңүл буруп баалашты. Жыйынтыгында 10 пар Кененбаев Сардарбек, Жылдызбек Сатывалдиев 20 пар, Асаналиев Данияр 30 пар боюнча, алдыда өтө турган сынака катышмакачы.