Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев республикалык Куран жарышынын уюштуруучулары менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев республикалык Куран жарышынын уюштуруучулары менен жолугушту. Жолугушууда уюштуруучулар Куран жарышына карата даярдык иштеринин жүрүшү, анын жол жобосу тууралуу Азирети Муфтийге маалымат беришти.

Ал эми Азирети Муфтий Куран жарышын жогорку деңгээлде өткөрүү керектигин баса белгилеп, Куран жаттаган мыктыларды татыктуу тандоо керектигин билдирди. Муну менен катар Азирети Муфтий Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмү менен тыгыз байланышта иш алып баруу керектигин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 12-апрелинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун “Ак-Тайлак ата” борбордук мечитинде КМДБ жана демөөрчүлөр тарабынан уюштурулуп жаткан республикалык I “Куран жазы” аталышындагы Куран жарышын өткөрүлөт.

КУРАН ЖАРЫШЫНЫН ТҮРЛӨРҮ:

1.         Куранды толук (30 пара) тилават тажвиди менен жатка билүү

2.         Курандын үзгүлтүксүз (20 пара) тилават тажвиди менен жатка билүү

3.         Куранды үзгүлтүксүз (10 пара) тилават тажвиди менен жатка билүү

ЖАРЫШКА КАТЫШУУЧУНУН ШАРТТАРЫ:

1.         Кыргызстандын жараны болуусу

2.         Бул жарышта, жарыштын бир эле түрү боюнча катыша алат

3.         Жарыштын бир түрүнө катталып, жарыш башталганда башка түрүнө өтүүгө болбойт

4.         Жарышка катышып, сынак маалына келгенде баш тартууга тыюу салынат

5.         Катышуучулардын саны чектелбейт.

КУРАНДЫ ЖАТКА АЙТУУ БОЮНЧА АЙМАКТАР АРАЛЫК ФИНАЛДЫК ТАНДОО ЖАРЫШЫНЫН ГРАФИГИ:

1.         Ысык-Көл облусу    —  10-март

2.         Нарын облусу —  12-март

3.         Талас облусу — 14-март

4.         Баткен облусу — 17-март

5.         Ош облусу — 19-март

6.         Жалал-Абад облусу — 21-март 

7.         Ош шаары – 24-март

8.         Чүй облусу – 26-март

9.         Бишкек шаары – 28-март

БАЙГЕЛЕР:

10 ПАРА БОЮНЧА:

  • 1-орун -100 000
  • 2-орун -70 000
  • 3-орун 50 000

 20-ПАРА БОЮНЧА:

  • 1-орун -150 000
  • 2-орун -100 000
  • 3-орун 80 000

30-ПАРА БОЮНЧА:

  • 1-орун -200 000
  • 2-орун -150 000
  • 3-орун 100 000

КУРАН ЖАРЫШТЫН ЖАЛПЫ ФОНДУСУ — 1,5 МИЛЛИОН СОМ.

Байланыш телефондору: 0558500806, 0770644438, 0773671225, 0708383840