Жалал-Абаддагы “Айша Мадания” окуу борборунда медайымдар коронавирусту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Кечээ, 10-март күнү Жала-Абад облустук мусулмандар казыятынын окуу бөлүмүнүн адиси Арпидин ажы Жороев казыяттын курамына кирген бардык медреселердин жана окуу борболордун жетекчилерине коронавирусдун алдын алуу максатында окуу жайлардын санитардык абалына, окуучулардын гигиеналык тазалыгына көңүл буруусуна  тапшырма берди.

Алгач Арпидин ажы Жороев жана казыяттын иш башкарма бөлүм адиси Давран ажы  Жунусалиев Жалал-Абад шаарында жайгашкан  “Айша-Мадания” окуу борборун текшерүүгө алышты. Текшерүү учурунда окуу борборунун мүдүрү Танахатхан Хамраева  казыяттын тапшырмасына ылайык  атайын чакырып, тиешелүү адистер окуучуларга коронавирустун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткандыгын билдирди.

“Сактыка кордук жок” деген элибизде. Башкача айтканда Кудайым сактанганды сактайт. Жогоруда медайымдар айткан эрежелерди так сактап, адистер көрсөтүп берген талаптарды так сактоодобуз,”-деди Арпидин ажы.