Ош шаардык казыяты мечиттерде дезинфекциялоо боюнча адистер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Бүгүн, 11-март күнү Ош шаарынын мусулмандар казысынын орун басары Мирланбек ажы Токтомушов, Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам хатиби Исак ажы Юнусов жана Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Абдилазиз ажы Абдурахманов Ош шаары боюнча санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мурзалиев Өмүрзак менен жолугушту. 

Жолугушуунун алкагында Ош шаарындагы жалпы мечиттерде дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү боюнча макулдашуу болуп, ар бир мечитке тиешелүү кызматкерлер бөлүнүп берилип, вирусту алдын алууда биргеликте кызматташмакчы.

Айта кетсек, коронавирустун алдын алуу боюнча Ош шаарындагы жалпы мечиттердын тазалыгына көңүл бурулуп, дезинфекциялоо иштери башталмакчы.