Ош облустук казыяты Отуз-Адырдагы жардамга муктаж үй-бүлөгө 5000 сомдук жардам көрсөттү

Кечээ, 10-март күнү Ош облусунун мусулмандар казыяты Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айыл аймагындагы жардамга муктаж үй-бүлөгө 5000 сомдук жардам көрсөттү. Анда күнүмдүк жашоого керектелүүчү азык-түлүктөр, мөмө-жемиштер, кир жуучу каражаттары сатылып алынып, жеринде тапшырылды.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев жана  «Абдыжапар» Ислам институтунун проректору Алтынбек Туйчев катышты.

Айыл тургундарынын айтымында аталган үй-бүлөдө 4 бала бир айдан бери кароосуз жашап келишет. Алардын атасынын көз жумганына бир топ болгон. Энеси болсо Орусия мамлекетинен кургак учук оорусун жуктуруп келгенине байланыштуу ооруканага жаткырылган. Үй-бүлөдө эң улуусу 9-класс, ал эми эң кеңжеси 2-класста окуйт. 

 «Балдар биздин келечегибиз. Ар бир адамдын башына  ар кандай оор сыноолор келет. Атактууулардын бардыгы мына ушундай кыйынчылыктарды көрүп, бышып жетилген. Буга мисал катары кыргызды дүйнөгө тааныткан Чыңгыз Айтматовду айтууга болот. Кудай буюрса мындан сырткары да жардамдарды көрсөтмөкчүбүз.  Бул үй-бүлөгө, колунда бар жарандарды жардам көрсөтүүгө чакырып кетмекчимин», — деди  Нурбек кары Орунбаев.