Ош облусунун баш имам хатибдерине коронавирусту алдын алуу максатында жыйын өткөрүлдү

Кечээ, 10-март күнү Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев облуска караштуу бардык райондун баш имам хатиптерине коронавирусту алдын алуу максатында жыйын өткөрдү.

Анда облус казысы дүйнөнүн үшүн алган коронавирусту алдын алуу максатында мечиттерди, медресе жана окуу борборлорун дезинфикациялоо боюнча бир канча тапшырмаларды берди. Ошондой эле  кызматын мыкты аткарбаган имам хатибтерге эскертүүлөрдү берди.

«Мечиттерде азыртадан баштап килем, палас жана анын айлана-чөйрөсүн тазалап дезинфекациялоо иштерин жүргүзүү зарыл. Бул жаатта бардык күчүбүз менен эмгектенүүбүз кажет. Мындан сырткары ибадатка бекем болуп, аталган оорудан сактануу максатын түлөө өткөрүп, элибиздин амандыгын, жерибиздин тынтчыгын тилеп дуба кылалы»— деди Самидин кары Атабаев.